Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисттери, СССРдин эл артисткасы Б. Кыдыкеева, Кыргыз ССРинин эл артисткасы М. Далбаева, СССРдин эл артисткасы Д. Күйүкова. Фрунзе ш., 1980-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 1-28251.

СССРдин эл артисткасы, Кыргыз ССРинин Т.Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Б. Кыдыкеева театрдын жаш артисттери З. Сооронбаев жана А. Өзүбеков менен болгон маек учурунда. Фрунзе ш., 1981-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 0-50704.

СССРдин эл артисткасы, Кыргыз ССРинин Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Б. Кыдыкеева. 1981-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 1-27584.

Ж. Садыковдун «Семетей – Манастын уулу» спектаклинен көрүнүш. Каныкейдин ролунда – Б. Кыдыкеева. Фрунзе ш., 1982-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 1-27624.

СССРдин эл артисткасы, Кыргыз ССРинин Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Б. Кыдыкеева (солдон оңго 2-чи) жана драматург, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери Т. Абдумомунов (4-чү) Аламүдүн районунун эмгекчилери менен жолугушуу учурунда. 1985-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 0-51560.

СССРдин эл артисткасы, Кыргыз ССРинин Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Б. Кыдыкеева И. Поповдун пьесасы боюнча коюлган «Үй-бүлө» спектаклинде Мария Александровна Ульянованын ролунда. Фрунзе ш., 1985-ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 9-2247.

В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия» спектакли боюнча комиссардын ролунда Б. Кыдыкеева. Фрунзе ш., 1987 - ж.

КР БМ КФФДА. Арх. № 0-51065.

Б. Кыдыкееванын кесиптештери жана курдаштары менен сүрөттөрү, ар кайсы жылдарда.

КР БМА. Ф.2808. Т.1. К.119. Б.5,14-16.