Театр жана кинонун көрүнүктүү кыргыз артисткасы

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата

(1923-1993)

БАКЕН КЫДЫКЕЕВА - САХНА ХАНЫШАСЫ

 

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын маданият министрлеринин, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрүнүн Бурса шаарындагы (Турция) ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезектеги биргелешкен жыйынынын чечими менен 2023-жылы советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө чечими кабыл алынды.

Б. Кыдыкеева 1923-жылдын 20-октябрында (башка маалыматтар боюнча - 20-сентябрь) Төкөлдөш айылында (азыркы Бишкек шаарынын чегинде) мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Б. Кыдыкеева өзүнүн сахналык ишин 1936-жылы 7 жылдык толук эмес орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында баштаган. Бул мезгилде Кыргызстанда иштеген советтик режиссер, артист жана театр ишмери А.М. Самарин-Волжский жаш Бакенге пьесада борбордук орунду ээлеген Испаниялык драматург Лопе де Веганын "Кой булагы" тарыхый пьесасында Лауренсиянын ролун тапшырган. 14 жаштагы актриса эң сонун ойногон жана аны бүткүл республикага тааныткан Лауренсиянын ролу анын мындан аркы чыгармачылык ишмердигин алдын-ала аныктаган.

Жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында Б. Кыдыкеева тарабынан кыргыздын «Сарынжы-Бөкөй» эпосунун негизинде К. Эшмамбетовдун «Сарынжы» спектаклинде Берметтин, О. Сарбагышевдин «Көкүл» спектаклинде Гүлайымдын ролдору ойнолду.

1941-жылы Б. Кыдыкеева труппасында 1944-жылга чейин иштеген, согуштун башталышынан улам жабылып, Нарын облустук театрына кошулган Пржевальск областтык драма театрына өтөт.

1944-жылы Б. Кыдыкеева сахналык ишмердүүлүгүн Кыргыз мамлекеттик драма театрында (азыркы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры) улантат. Бул жерде, республиканын алдыңкы театрынын сахнасында кыргыз авторлорунун пьесаларында, ошондой эле орус жана дуйнөлүк драматургиясынын башкы аялдын ролдорун ойногон. Алар: Т. Абдумомуновдун «Тар капчыгайында» Анаргүл, Ч. Айтматовдун «Бетме-бетинде» Сейде, К. Жантөшевдин «Курманбегинде» Айганыш, А. Островскийдин «Күн күркүрөөсүндө» Катерина, Л. Толстойдун ушул эле аталыштагы романы боюнча Анна Каренина, А. Фадеевдин «Жаш гвардиясында» Ульяна Громова, В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясында Гонерилья, К. Чапектин «Эне» пьесасында Долорес жана башкалар.

1950-жылы театрда коюлган У. Шекспирдин «Отелло» пьесасындагы Дездемонанын ролу Б. Кыдыкеева үчүн маанилүү окуя болуп калды, анткени ага чейин мынчалык тереңдиктеги жана татаал образдын үстүндө иштөөгө туура келген эмес. Сүйкүмдүү, маврга болгон сүйүүсү менен сыймыктанган, ал үчүн бардык сыноолорго даяр болгон Дездемонанын образын көрүүчүлөрдүн алдына алып чыккан.1

50-жылдардын экинчи жарымында театрдын сахнасында ушул эле аталыштагы чакан эпостун сюжетинен кайра жаралган "Курманбек" пьесасында Айганыштын ролунда Б. Кыдыкеева кыргыз аялынын мыкты сапаттарын – адеп-ахлактык тазалыкты, Мекенге берилгендикти, жүрөк тандаган адамга болгон терең сүйүүнү көрсөткөн. Каарман кыздын башынан өткөргөн окуяларын көргөн көрүүчүлөр анын Курманбекке болгон сүйүүсүнө чын ыкластан ишенип, спектаклдин жүрүшүндө баатыр кызга чындап боор оорушуп турушту.2

А. Островскийдин "Сепсиз кыз" спектаклинде классикалык репертуардын эң оор ролдорунун бири болгон салыштырмалуу жаш артистканын ролу Б. Кыдыкееванын чыгармачылык өмүрүндөгү чоң окуя болуп, аны ушул эле автордун 1958-жылдын апрелинде коюлган " Күн күркүрөө " спектаклиндеги Катеринанын ролуна даярдаган. «Бакен Кыдыкееванын Катеринанын ролун аткаруусу реалисттик искусствонун бийиктиктерин ишенимдүү өздөштүргөн актрисанын олуттуу ийгилиги болуп чыкты жана бул спектаклдин ийгилигине чоң салым кошту …»3

Б. Кыдыкеева театралдык спектаклдердеги башкы аял ролдорун биринчилерден болуп аткарганынан тышкары, 1955-жылы экранга чыккан биринчи толук метраждуу “Салтанат” көркөм тасмасында башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Бул тасмада артистка эркектер менен бирдей сүйгөн ишин жасоого далалаттанган каарманын, ички дүйнөсүнө терең кирүү менен ойногон. Бул ролдон кийин 20дан ашуун кинотасмаларда рол жараткан: «Токтогул» тасмасында Бурма (1959-ж.), «Биринчи мугалимде» Кара катын (1965-ж.), «Саманчынын жолунда» Толгонай (1967-ж.), «Караш-караш окуясында» Кадича (1965-ж.) ж.б.

Б. Кыдыкееванын таланты жана сиңирген эмгеги республикада жана өлкөдө татыктуу бааланган: «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» (1947-ж.), «Кыргыз ССРинин эл артисти» (1956-ж.), «СССРдин эл артисти» (1970-ж.), Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгы (1970-ж.).

1970-жылы Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда режиссёр Г. Базаровдун «Көздүн кареги» тасмасында актердук чеберчилиги үчүн Б. Кыдыкеева атайын номинациядагы сыйлыкка татыктуу болгон.

1990-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Б. Кыдыкеева учурда өзүнүн ысымын алып жүргөн Жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенген.

Бул виртуалдык фотодокументалдуу көргөзмө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин аудиовизуалдык документтеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде сакталган Б. Кыдыкееванын өздүк фондунун документтеринин негизинде даярдалды.

Б. Кыдыкеева тууралуу колдо болгон документтердин курамына ылайык, көргөзмөнүн түзүмү алты бөлүмдөн турат:

  1. Тетрд кызматында 1936-1985 гг.
  2. Б. Кыдыкеева кинодо
  3. Үй - бүлөсү
  4. Сыйлыктары
  5. Бакен Кыдыкеева жөнүндө
  6. Видеодокументтер

 

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү

министрлигине караштуу Архив кызматы

 

 

ЦГА КФФД КР. Арх. № 1-21419.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 23-июнундагы «Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» № 375-т тескемеси.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги.